Описание презентации по отдельным слайдам:
-
1 слайд
«Биз жараткан дүйнө биздин ой жүгүртүүбүздүн процесси. Биздин оюбузду өзгөртмөйүнчө, аны өзгөртүү мүмкүн эмес ”.
Альберт Эйнштейн -
2 слайд
-
3 слайд
Бул сүрөттөн эмнени көрдүңөр?
-
4 слайд
Мамлекет жана диндин өз ара кызматташуусу
-
5 слайд
1.Мамлекет менен диндин өз ара кызматташуусунун тарыхынан маалымат аласыңар.
2.Мамлекет менен диндин өз ара кызматташуусу кимдерге пайда, зыян келтиришин талдайсыңар.
3.Дин жөнүндөгү жалпыга таандык мыйзамдарды туура түшүнүүгө аракеттенебиз.
Бүгүн сабакта: -
6 слайд
Мамлекет- укук теориясында белгилүү бир аймакта коомду уюштуруунун саясий формасы, өлкөнүн бардык калкы баш ийген контролдоо жана мажбурлоо аппараты бар мамлекеттик бийликтин суверендүү уюму.
Теократиялык мамлекет — конкреттүү бир дин ошол тармакта жайылып, ал динден таасирленип, ага көз каранды. Натыйжада «христиан», «ислам», «буддийчи», «иудейчи» мамлекеттер пайда болгон. Бул типтин алкагында диний бирикмелер мамлекетти жана маданиятты түзүүчү роль ойношот.
Светтик мамлекет — мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет. Айрым мамлекеттерде конкреттүү бир дин мамлекеттик дин деп белгленбесе дагы, мамлекет светтик деп жарыяланганы менен, теократиялык мамлекеттик статусун сактап калат. -
7 слайд
18-статья
Ар бир адам ой, ойман, дин эркиндиктерин укуктуу; бул укук өз динин же ынанымын эркинче өзгөртүүнү жана жеке өзү, ошондой эле башкалар менен бирге каалаган динин тутуу же ынануу эркиндигин эл менен бирге же жеке өзүнчө динди үйрөнүүнү, кудайга сыйынууну жана диндик жөрөлгөлүү ырасымдарды аткарууну камтыйт.
-
8 слайд
Идеалдуу түрдө мамлекет динге жана диний уюмдарга карата бейтарап (нейтралдуу) жана калыс болуусу керек.
Эч бир динге артыкчылык бербейт жана кандайдыр бир диний идеологияны жарандар үчүн милдеттүү расмий катары колдонбойт.
Мамлекет ар бир жаранга абийир жана дин тутуунун эркиндигине болгон укукту камсыз кылат.
-
9 слайд
Коомго жакшы таасир (руханий, маданий, социалдык, кайрымдуулук, тарбиялык багыттарында) тийгизген диний уюмдар менен мамлекет артыкчылык мүнөздө кызматташышы мүмкүн.
Мындай кызматташуу диний көп түрдүүлүктү өнүктүрүүгө тоскоол болбойт. -
10 слайд
Мамлекет тарабынан жөнгө салуунун тажрыйбасы жана мүнөзү ар кайсы өлкөдө ар башкача болушу мүмкүн, ал тарыхый, маданий, этникалык, саясий жана башка себептер менен шартталат.
Мындай жөнгө салуунун ар кандай укук инструменттери болот: диний уюмдардын ишине көмөк көрсөтүү; диний уюмдар менен кызмтташуу; жоопкерчиликке тартуу; салыктардан бошотуу; дин лидерлери менен кызматташуу ж.б.
-
11 слайд
Топторго тапшырма
1-топ: Адам укуктары декларациясындагы 18-статьяны талкуулап, оюңарды айтасыңар
2-топ: Мамлекет менен диний институттардын коомго тийгизген таасирин венндин диаграммасында карайсыңар
3-топ ушул сүрөт боюнча Эйлердин шакектерин толтурасыңар
адам укуктары -
12 слайд
1.ПАР. 13. 94-95-беттерди окуу.
2.Мамлекеттик маалымат булактарынан дин жөнүндөгү маалыматтардан бирди таап, ага өз оюн айтуу.
Үйгө тапшырма -
13 слайд
Сабакка активдүү катышып бергениңере чоң ыраазычылык.
Баарыңар азаматсыңар. Жакшы баргыла.