X-PDF

Разговоры о важном

Поделиться статьей

Күндөлүксабактын иштелмеси

Дата:

 

 

 

Колу:

 

 

 

 

Предмет    Диндердинөнүгүү тарыхы    Классы   9      Чейреги 3

Сабактын темасы: Мамлекет менендиндин өз ара кызматташуусу

Сабактын тиби: жаңы билимдердиүйрөнүү

Сабактын формасы: аралаш

Сабактын ыкмасы: жалпы, топтук,жекелик иштер

Сабактын жабдылышы: компьютер,проектор,окуу китеби, презентация, флипчарт…ж.б.

Предмет аралык байланыш:адам жана коом, география, тарых, адабият

Негизги компетенттүүлүктөр:

Предметтик компетенттүүлүктөр:

1. Маалыматтык: алынган тарыхый социалдык маалыматка сынчыл талдоо жасап курчап турган реалдуулука карата өз позициясын аргументтүү коргоп, аларды пайда болгон көз караштык системалар менен салыштыра алат.                         НК-1                                              

1. Диндерди таанып-билүүчүлүк:  дин негиздери жана салттуу дин тууралуу түшүнүктөргө ээ болот.

                                                                                       ПК-1.                                                                                      

2. Социалдык-коммуникативдик:   өз максаттарын башка адамдардын жана соци-алдык топтордун кызыкчылыктары менен салыштырат, позициялардын түрдүүлү-гүн таануунун жана баалуулуктарга (диний, этникалык, профессионалдык, инсандык ж.б.), башка адамдарга карата урматтоо мамилесинин негизинде өз көз караштарын маданияттуу коргой алат.                                                                                 НК-2          

2. Жарандык:  көп улуттуу жана көп конфессиялык чөйрөдө маданияттуу баарлаша  алат.

                                                                             ПК-2

                                   

3. Өз ишмердигин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чече билүү:  окуяларга жана инсандарга аргументтүү мүнөздөмө берет.                                                    НК-3

3. Руханий-адептик: жарандык иденттүүлүгүн аӊдап билет, этностор жана диндер аралык чөйрөдө толеранттуу мамиле жасай алат.                 ПК-3                             

 

4. Көп-маданияттуулук: башка маданияттарды, дин-дерди түшүнүүгө жана сыйлоого негизделген көп улут-туу, көп маданияттуу жана поликонфессиялык чөйрөдө жигердүү жана натыйжалуу жашоо жөндөмдүүлүгү, ар кандай улуттагы, расалык, ишеним, курактагы адамдар менен тынчтыкта жана ынтымакта жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.                                   ПК-4                               

 

 

Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөрү:

1.      Билим берүүчүлүк:

Жаңы термин, аныктамаларды айтып бере алышат. Сабактагы айтылган дин боюнча мыйзамдарды санап беришет.

Окуучулар мамлекеттин динге болгон көз карашын, аларга болгон мыйзамдарынан түшүнүк алышат.

2.      Өнүктүрүүчүлүк:

Ар түрдүү ыкмалар менен мамлекет менен диндин максаттарын аныктап, мамлекеттин дагы диний көз караштардын багыттары бир багытка адамзаттын жакшы сапаттарын өнүктүрүүгө багытталганын далилдешет.

Мамлекет менен диндин багыттарын, максаттарын талдоо менен көз караштарын такташат.

3.      Тарбия берүүчүлүк:

Бардык диний ишенимдердин түбү бирдей максатты көздөөрүн далилдөө менен мамлекет жарандардын кызыкчылыгын диний саясатында бирдей сактай алаарын көргөзүп беришет.

Алынган маалыматтардан мамлекеттин диний саясатына толеранттуу мамиле жасаганга үйрөнүшөт.

 

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

Убак

тысы (мин. менен)

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракети

НК

ПК

Баа

лоо

Эскер

түү

1

 

 

Уюштуруу

(мотивация)

 

 

1

 

1. Саламдашуу

2. Журнал менен иштөө

3. Сабактын жүрүшүнө пед-психологиялык жагдай түзүү: «Биз жараткан дүйнө биздин ой жүгүртүүбүздүн процесси. Биздин оюбузду өзгөртмөйүнчө, аны өзгөртүү мүмкүн эмес ”. А.Эйнштейн

Сабакка даярданышат

1

 

 

Предмет тин өзгө чөлү гүнө байланыштуу баа лоо, жөн гана иш тин жүрүшүн дө окуу чунун активдүүлүгүн кубаттоо аркы луу гана жүрөтБаа коюлбайт.

Медиа маалымат

2

Үй тапшырма (Өтүлгөндөрдү кайталоо)

5

1. Балдарга өтүлгөн сабактан тест таратылат. Анткени мурунку сабак жалпылоо сабагы (кайталоо)болгон. акуучулар терминдер картасы менен иштешкен.

Вар.

Термин

Аныктама

А

Акыйда

1

Мусулмандардын күнүмдүк практикалык мамилелериүчүн иштелип чыккан, дин таануучулар тарабынан шарият эрежелери катары кабыл алынган дини-укуктук мектеп. Аны аалымдар Ыйык Курандан жана Сүннөттөн алып иштеп чыгышкан

Б

Ишеним

2

Ыйык Куран менен сүннөттө белгиленбеген кандайдыр бир укуктук маселе боюнча пайгамбардын сахабаларынын же кийинки муундагы аалымдардын бирдиктүү пикири . Ислам дининин үчүнчү булагы катары таанылат

В

Ижма

3

Аналогияга карата ой жүгүртүү Ислам дининин төртүнчү негизги булагы болуп эсептелет. Анткени ал коомдо өсүп жаткан талаптарга жооп берет. Бирок аналогияга карата ой жүгүртүү өтө катуу, логикалык, системалык принциптерге таянат жана бул фантазия же жөнөкөй адамдын ой жүгүртүүсү эмес

Г

 Кыяс

4

Фактылык же логикалык негиздемеге карабастан, жаратканды бар деп таануу. Кудай өз элчиси аркылуупенделерине жиберген диний эрежелерди чын дилден кабыл алуу

Д

Мазхаб

5

Ислам дининдеги ишеним системасы.  Кудайдын жалгыздыгын таанып-билүү жөнүндөгү илим. Өткөн жана жашап жаткан агымдардын ишенимдери боюнча жалпы маалымат берет.

 

2. Белгиленген убакыт бүткөндө Тесттин туура жоопторун доскадан көргөзөт.

3. Үйгө берилген тапшырманы жыйынтыктайт, балдардын ишин дагы бир жолу кыдырып карап чыгат, түшүнбөгөн суроолорго багыт берет.

1.Окуучулар иштешет.

2.Ар бир окуучу өз каталарын оңдоп, ишин баалашат.

3.Түшүнүксүз жерлерин сурашат.

1

2

3

1

2

3

4

 

3

Окуучулардын билимин актуалдаштыруу

(акыл чабуулу)

 

3

1.      Доскага сүрөт чагылдырылат: https://avatars.mds.yandex.net/i?id=fa2e876472d0f0bcb5a1cf6a1979c45aa9ba677e-8281157-images-thumbs&n=13

Суроолор: А. Сүрөт эмнени чагылдырууда?

Болжолдуу жооп: Жер жүзүндөгү адамдардын ишенимдери а.и. диний ишенимдери ар түрдүү.

https://avatars.mds.yandex.net/i?id=3f41f7038e4c413160fec8317deda94c84ddc0b4-7716203-images-thumbs&n=13 

Б.Бул сүрөттөн эмнени көрдүңөр?

Болжолдуу жооп: Мамлекет дагы, диний институттар дагы коом менен байланыш.

2. Ойлор угулгандан кийин бул эки сүрөттүн маанисинен сабактын жаңы темасын ачат.

1. Ойлорун айтышат, угушат.

1

2

3

Представленная информация была полезной?
ДА
63.03%
НЕТ
36.97%
Проголосовало: 2083

2

3

4

Медиасабат туулук талап кылы нат

4

Жаңы тема.

 

 

 Мамлекет менен диндин өз ара кызматташуусу

Теманы жазышат

 

 

 

5

Сабактын темасы, максаты жана күтүлүүчү натыйжалар менен тааныштыруу

2

1.     Мамлекет менен диндин өз ара кызматташуусунун тарыхынан маалымат аласыңар.

2.     Мамлекет менен диндин өз ара кызматташуусу кимдерге пайда, зыян келтиришин талдайсыңар.

3.     Дин жөнүндөгү жалпыга таандык мыйзамдарды туура түшүнүүгө аракеттенебиз.

1. Доскадагыны дептерлерге түшүрүшөт.

2

2

3

 

6.

Жаңы сөздөр.

3

Темада кездешүүчү жаңы терминдерди, аныктамалары менен, мыйзамдарды көрсөтөт.

Мамлекет — укук теориясында белгилүү бир аймакта коомду уюштуруунун саясий формасы, өлкөнүн бардык калкы баш ийген контролдоо жана мажбурлоо аппараты бар мамлекеттик бийликтин суверендүү уюму.

— Теократиялык мамлекет — конкреттүү бир дин ошол тармакта жайылып, ал динден таасирленип, ага көз каранды. Натыйжада «христиан», «ислам», «буддийчи», «иудейчи» мамлекеттер пайда болгон. Бул типтин алкагында диний бирикмелер мамлекетти жана маданиятты түзүүчү роль ойношот.

— Светтик мамлекет — мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет. Айрым мамлекеттерде конкреттүү бир дин мамлекеттик дин деп белгленбесе дагы, мамлекет светтик деп жарыяланганы менен, теократиялык мамлекеттик статусун сактап калат.

1

2

2

3

4

 

7.

Лекция

8

 

Презентацияланган лекция окулат:

Адам укуктары декларациясындагы 18-статья

Ар бир адам ой, ойман, дин эркиндиктерин укуктуу; бул укук өз динин же ынанымын эркинче өзгөртүүнү жана жеке өзү, ошондой эле башкалар менен бирге каалаган динин тутуу же ынануу эркиндигин эл менен бирге же жеке өзүнчө динди үйрөнүүнү, кудайга сыйынууну жана диндик жөрөлгөлүү ырасымдарды аткарууну камтыйт.

Ар бир мамлекет  динге жана диний уюмдарга карата бейтарап (нейтралдуу) жана калыс.

 Эч бир динге артыкчылык бербейт жана кандайдыр бир диний идеологияны жарандар үчүн милдеттүү расмий катары колдонбойт.

Мамлекет ар бир жаранга абийир жана дин тутуунун эркиндигине болгон укукту камсыз кылат.

Коомго жакшы таасир (руханий, маданий, социалдык,кайрымдуулук, тарбиялык багыттарында) тийгизген диний уюмдар менен мамлекет артыкчылык мүнөздө кызматташышы мүмкүн.
 Мындай кызматташуу диний көп түрдүүлүктү өнүктүрүүгө тоскоол болбойт.

Мамлекет тарабынан  жөнгө салуунун тажрыйбасы жана мүнөзү ар кайсы өлкөдө ар башкача болушу мүмкүн, ал тарыхый, маданий, этникалык, саясий жана башка себептер менен шартталат.

Мындай жөнгө салуунун ар кандай укук инструменттери болот: диний уюмдардын ишине көмөк көрсөтүү; диний уюмдар менен кызмтташуу; жоопкерчиликке тартуу;  салыктардан бошотуу; дин лидерлери менен кызматташуу ж.б.

Ал мамлекеттердин катарында биздин КР да бар. Ал жөнүндө биз эмики сабакта өтөбүз Азыр силерге тапшырма берилет. Өтүлөн теманы топтордо иштеп, жадымыңарга бекемдейсиңер

 

1

2

3

2

3

4

 

8

Сабакты бышыктоо

 

7

1-топ: Адам укуктары декларациясындагы 18-статьяны талкуулап, оюңарды айтасыңар

Топтордун ишин аралап кыдырат, багыт берет.

 

топтор

толтурушат

1

2

3

2

3

4

Медиамаалымат колдо нулат. Муга лим өзү шилтемелер ди тандап көргө зүп берсе да болот.

2-топ: Мамлекет менен диний институттардын коомго тийгизген таасирин венндин диаграммасында карайсыңар

https://avatars.mds.yandex.net/i?id=be9bc72598074cb47e01c9e7ad242034-5236521-images-thumbs&n=13

3-топ https://avatars.mds.yandex.net/i?id=3f41f7038e4c413160fec8317deda94c84ddc0b4-7716203-images-thumbs&n=13ушул сүрөт боюнча Эйлердин шакектерин толтурасыңар

https://avatars.mds.yandex.net/i?id=adbea66fbaac1ea38dbed50b8d2a4d40591cf5a9-4884103-images-thumbs&n=13толтурушат

9

Презентациялоо

10

Окуучулар ишин жактаганга шарт түзөт.

Топтор бири-биринин ишине көз салып, түшүнүксүз жерлерди такташат.

3

3

4

 

10

Сабакты жыйынтыктоо

 

2

1.     Мамлекет менен диндин өз ара кызматташуусунун тарыхынан маалымат алдык.

2.     Мамлекет менен диндин өз ара кызматташуусу кимдерге пайда, зыян келтиришин талдап, аныктадык.

3.     Дин жөнүндөгү жалпыга таандык мыйзамдарды туура түшүндүк

 

2

 

 

 

Кайтарым байланыш.

2

1.      Сабактагы жаккан топтун ишин айткыла, эмнеси менен?

2.      Эмнелер кызыксыз болду же мурда билгенсиңер?

Оозеки жооп беришет.

3

4

 

11

Үйгө

 тапшырма

1

1.      ПАР. 13. 94-95-беттерди окуу.

2.      Мамлекеттик маалымат булактарынан дин жөнүндөгү маалыматтардан бирди таап, ага өз оюн айтуу

Күндөлүккө жазып алышат

2

 

 

12

Баалоо

1

Сабакка активдүү катышып бергениңере чоң ыраазычылык.

Баарыңар азаматсыңар.

Жакшы баргыла.

Жыйналышат.

 

 

 

 

 

 


Поделиться статьей
Автор статьи
Анастасия
Анастасия
Задать вопрос
Эксперт
Представленная информация была полезной?
ДА
63.03%
НЕТ
36.97%
Проголосовало: 2083

или напишите нам прямо сейчас:

Написать в MAXНаписать в TelegramНаписать в WhatsApp

или напишите нам прямо сейчас:

Написать в MAXНаписать в TelegramНаписать в WhatsApp
Заявка
на расчет